Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

08.10.2019, 03:36

Саламаттык сактоо министрлигине Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна байланыштуу чыгымдарды төлөөгө 1 миллион 298 миң 520 сом бөлүп берүү тапшырмасы берилди. Буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга чейин өкмөт башчынын резервдик фондунан Чүй ОИИББнын башчысынын дарылануусуна деп Саламаттык сактоо министрлигине 1 миллион 462 миң 691 сом бөлүнүп берилген.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болуп, Самат Курманкулов жаракат алган. Дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп, болгон аракетин жумшашты.


Читать похожее

  • 07.10.2019, 21:36:17