Опубликовано
23.05.2024, 08:10Экономика жана коммерция министрлиги “Санарип көчмөн” пилоттук долбоорун узартууну сунуштоодо. Учурдагы мөөнөт ушул жылдын 30-июнунда бүтөт.
Мекеменин демилгеси менен долбоор дагы бир жыл ишин уланта алат. Анын максаты маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагына чет элдик адистерди тартуу боюнча иштерди улантуу. Токтом долбоору талкууга коюлду.
Эске салсак, “Санарип көчмөн” макамын 12 өлкөнүн жарандары ала алышат. Статус ээлери бир катар артыкчылыктарга ээ.