Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    24.03.2022, 04:03

    Индира Шаршенова Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

    Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

    Буга чейин ал Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Электрондук өкмөттүн инфратүзүмүн өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген.

    Ошондой эле, Индира Шаршенова маалыматтык-коммуникациялык технология жаатында адис экени, Кыргызстандагы санариптик реформаларды ишке киргизүүгө катышып, E-Kyzmat маалыматтык системасын түзүп, калыптандыруунун жана ишке киргизүүнүн башында турган.

    Эске салсак, кечээ, 23-мартта Санариптик өнүктүрүү министрлигинин эки орун басары кызматтан алынган. Тагыраагы Айнура Туйбаева менен Медербек Курманбековду министрдин орун басарлыгынан бошотуу боюнча документке министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.


    Читать похожее

    • 23.03.2022, 22:03:09