Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

25.05.2020, 06:30

Санитардык талаптарды сактабаган мекемелерге дээрлик 1 млн сом айыппул салынды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

[news 23913]

Штабдан белгилешкендей, 1-майдан 22-майга чейин республиканын оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун кызматкерлери коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу иштеринин алкагында, өзгөчө абал режими алынгандан кийин ишмердүүлүгүн жанданткан объекттерди текшерип чыгышты.

Республика боюнча жалпы 6 миң 891 объект текшерилген: Бишкек шаарында – 768; Ош облусунда – 2 миң 706; Баткен облусунда – 590; Жалал-Абад облусунда – 543; Талас облусунда – 180; Ысык-Көл облусунда – 1 миң 385; Чүй облусунда – 428; Нарын облусунда – 245.

«Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен мекеме-уюмдарга 2 миң 710 жазма эскертүү, 707 протокол жана 9 эскертүү берилди», — деп айтылат маалыматта.

Коопсуздук чараларын бузгандыгы үчүн 680 объекттин ээлерине 977 миң сомго айыппул салынган. 15 материал баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.


Читать похожее

  • 23.08.2024, 00:05:32
  • 22.08.2024, 23:57:18
  • 12.08.2024, 04:10:54
  • 29.07.2024, 05:55:15