Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    22.02.2022, 04:23

    Кечээ, 21-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Ысык-Көл облусунун экологиялык-экономикалык абалы тууралуу” Жогорку Кеӊештин депутаты Максат Сарбагышевдин кайрылуусун карады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

    Депутат Максат Сарбагышев кайрылуусунда Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын абалы боюнча маселе көтөргөн. Ал белгилегендей, Чолпон-Ата шаарындагы насостук станция шаарды, пансионаттарды жана медициналык мекемелерди тейлейт. Тазалоочу курулмалардын иштеши ошол насостук станциядан көз каранды. Эгер авария болгон болсо Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугуна коркунуч келтирет.

    Кошумчалай кетсек, саркынды суулар Ысык-Көлдөн 150 метр алыстыкта ​​жайгашкан атайын суу сактагычка куят. Ал эми насостук станцияны жаңылоо маселеси Азия өнүктүрүү банкынан алынган насыянын эсебинен чечилиши мүмкүн.

    Талкуунун жыйынтыгында депутаттар бул маселени кайрадан апрель айында Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларында өткөн жыйындын алкагында кароону чечти.


    Читать похожее

    • 28.03.2024, 23:40:37
    • 21.02.2022, 22:23:25