Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

19.08.2020, 09:30

Саясий партиялардын курултайларын өткөрүүнүн эрежелери иштелип чыгууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.

[news 27078]

«Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан саясий партиялардын курултайларын, эл менен жолугушууларын өткөрүүнүн эрежелери иштелип чыгууда. Ал талаптардын сакталышы катуу көзөмөлгө алынат. Биринчиден жыйынга түздөн-түз келип катышкандардын саны уруксат берилген сандан ашпашы керек. Ошол эле учурда онлайн өткөрүлгөн жыйындарга катышкандардын санына чектөө коюлбайт. Жыйын өтө турган жайда санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталышы керек. 3-4 саат бир бөлмөдө болуу оорунун тез жугуусуна шарт түзөт. Ошондуктан убак-убагы менен бөлмөлөрдү желдетип, жыйынды болушунча кыска убакытта өткөрүүгө аракет кылуу керек», - деди ал.


Читать похожее

  • 03.01.2024, 01:34:28
  • 02.10.2023, 00:30:40
  • 19.08.2020, 03:30:55
  • 08.01.2020, 05:55:22