Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

23.08.2023, 04:52

Сентябрдан тарта унаа, турак жай жана жер салыгын төлөбөгөндөргө айып салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Мыйзамга ылайык, салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары, салыкты мөөнөтүндө төлөөгө жетишпей калган транспорттун, турак жайдын жана жердин ээлери административдик айып акы, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат.

“Салыктарды өз убагында төлөбөгөн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом административдик айып салынат. Туум күн сайын салыктын суммасынын 0,09% өлчөмүндө эсептелет”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрына чейин транспорт, турак үй, батир жана үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер тилкелерине салык төлөө зарыл.


Читать похожее