akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: РосКвартал

    Опубликовано

    23.10.2019, 04:17

    «Северэлектро» ААКнын абоненттеринин электр энергияга болгон карызы 1 - октябрга 366,9 млн. сомду түздү. Тогуз айда керектөөчүлөр электр энергияга болгон дебитордук карызын 347,6 млн. сомго же 48,7 %га төмөндөтүштү.

    Дебитордук карыздын 312 млн. сомго же 59,3 % төмөндөшү калк категориясында катталган.
    Бюджеттик уюмдар категориясы – 26,9 млн. сомго же 34,7 %;

    - өндүрүш абоненттери – 9,5 млн. сомго же 21,1 % төмөндөтө алышкан.

    Ал эми айыл-чарба керектөөчүлөрү категориясында дебитордук карыз – 215 мин сомго же 5,8 % жана башка керектөөчүлөрүндө – 615 миң сомго же 1 %га жогорулаган.

    «Северэлектро» ААК тейлеген бардык аймактарда дебитордук карыздын төмөндөшү байкалат:

    - борбор калаада – 100 млн. сомго же 46,6 %;

    - Чүй облусунда – 206,9 млн. сомго же 52,1 %;

    - Талас облусунда - 40,6 млн. сомго же 39,6 % га төмөндөгөн.


    Читать похожее