
Опубликовано
07.10.2020, 11:00Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Владимир Норов Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга байланыштуу билдирүү жасады.
[news 28756]
«Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга байланыштуу тынчсыздануубузду билдиребиз жана баардык тараптарды диалогго келип, түзүлгөн кырдаалдан тынч чыгуу жолдорун табууга чакырабыз. ШКУга мүчө-мамлекет катары Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий макулдашууга жетишүү Уюмдун мейкиндигиндеги коопсуздук жана туруктуу өнүгүү үчүн чоң мааниге ээ. КР Конституциясына ылайык, өлкөдө түзүлгөн кырдаал тез аранын ичинде турукташат деп ишенебиз», - деп айтылат билдирүүдө.