Опубликовано
14.06.2019, 07:58«ШКУ эл аралык уюмдун жаңы келбетин түзүп, өз ара түшүнүшүүнүн жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтүүдө», – деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июнда Бишкек шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кеңири курамдагы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.
ШКУнун күн тартиби менен БУУнун күн тартибинин жалпы окшоштуктары арбын. Бул коопсуздук маселелери, экономикалык өнүгүү маселелери жана адамдык чен-өлчөм маселелери.
Баңги заттардын мыйзамсыз айлануусуна каршы күрөш тармагында эл аралык структуралар, анын ичинде БУУнун структуралары менен дагы натыйжалуу кызматташуу уланууда.
«Өткөн жылдын ноябрь айында биз “БУУ жана ШКУ: тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук үчүн кызматташуу” деген жогорку деңгээлдеги атайын иш-чара өткөргөнбүз.Бул жаатта афган көйгөйүн чечүү маанилүү болуп турат.Биз бул көйгөйдү чечүүдө афган бийлигинин аракеттерин жана ШКУнун активдүү киришүүсүн канааттануу менен белгилейбиз», – деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков
Бул үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бишкекте өткөн ШКУ-Афганистан Контакттык топтун кезектеги жыйынынын жыйынтыгында жана бүгүнкү Саммиттин талаасында кол коюла турган Жол картасынын долбооруна дагы таасирин тийгизди.