Akchabarsearch
Источник фото: КР Өкмөтү

Опубликовано

10.07.2020, 10:30

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жана Саламаттык сактоо министирлигинин алдындагы Дары-дармектер менен камсыздоо департаменти керектүү дарылардын тизмесин түзүп, жакынкы айлар үчүн резервди толтуруусу зарыл. Тийиштүү тапшырманы Республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов берди.

[news 25991]

«Бүгүнкү күндө шаардын дарыканаларында айрым дарылардын жетишсиздигине даттануулар түшүүдө. Дем алыш күндөрү Бишкекке дары-дармектер жеткирилет. Бир күндүн ичинде зарыл дарылардын тизмесин түзгүлө жана жакынкы айлар үчүн запасты толтуруу шарт. Мамлекеттин дары-дармек кору болушу керек. Кыргызстандын бардык аймактары тиешелүү дары каражаттары менен толук көлөмдө камсыздалууга тийиш. Саламаттык сактоо министрлиги зарыл дары-дармектерди сатып алуунун борборлоштурулган системасын уюштурушу зарыл», - деди Министрлер кабинетинин башчысы.


Читать похожее

  • 14.12.2023, 02:56:10
  • 13.07.2020, 05:25:21
  • 10.07.2020, 04:30:59
  • 06.05.2020, 02:45:10