Опубликовано
22.04.2022, 03:58Швейцария өкмөтү Кыргызстандагы карылар үйүндө жашагандарды колдоо үчүн 473 миң доллар бөлөт. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Швейцария өкмөтү Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен биргеликте борбордук жана райондук деңгээлде ишке ашырат.
"Шведцария өкмөтүнүн колдоосунун астында 1200 майып жана кары жашаган 6 социалдык мекеменин санитардык, гигиеналык шарты жакшыртылып, ашканасы оңдолуп берилет",- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бул долбоор БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында ишке ашырылат.