Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

25.06.2020, 09:45

Бүгүн, 25-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Швейцариянын тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассис менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

[news 25523]

Сүйлөшүүдө Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызын кайра түзүмдөштүрүүгө швейцария тарабынын көмөк көрсөтүү маселелерин каралды. Пандемияга каршы көрсөткөн Швецариянын жардамы үчүн министр Айдарбеков ыраазычылык билдирген.

Жакын арада кыргыз-швейцария саясий консультациялары онлайн режимде өткөрулөт жана соода-экономикалык байланыштарды интенсификациялоо боюнча макулдашуулар жүргүзүлөт.

Кыргызстандагы шайлоо процесстеринин жүрүшү үчүн Швецария техникалык колдоо көрсөткөн.


Читать похожее