Опубликовано
25.04.2023, 03:40Сингапурдун “UOB Kay Hian” компаниясынын каржы боюнча аткаруучу директору Хок Чай Дин жана бир катар инвесторлор Кыргызстанга келип, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар брокердик, инвестициялык-банктык кызмат көрсөтүүлөр, жеке капиталды башкаруу, инвестициялык жана каржылык кеңеш берүү кызматтарын көрсөтүү маселелерин талкуулашты.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров фондулук рынокко кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча кеңеш берүүчү компаниялар менен сүйлөшүү жүргүзүү пландалганын айтып, фондулук рынокко кирүүнү каалаган бир гана “Кумтөр Голд” компаниясы эмес, башка да компаниялар, эки банк жана бир уюлдук компания бар экенин белгиледи.
Өз кезегинде Хок Чай Дин Кыргызстан “UOB Kay Hian” компаниясынын кардары болуп калаарына ишеним артаарын жана кызматташууга даяр экенин билдирди.
“Албетте мындай ишти баштоо оор процесс жана талыкпаган эмгекти талап кылат. Ошентсе дагы биздин компания Түштүк-Чыгыш Азиядагы, Кытайдагы, Улуу Британиядагы жана Түндүк Америкадагы компаниялар менен иш алып барып такшалып калгандыктан, Кыргызстан менен дагы жумушту алып кетебиз деп ойлойм”, - деди Хок Чай Дин.
Белгилей кетсек, “UOB Kay Hian” компаниясы 1900-жылдардын башында түзүлгөн жана Биржа брокерлеринин Сингапур ассоциациясын негиздөөчүлөрүнүн бири, Сингапур фондулук биржасынын мүчөсү жана Азиядагы эң ири брокердик компания.