Опубликовано
19.12.2023, 03:10Соңку үч жылда Кыргызстанда 214 жаңы мектеп курулду. Анын ичинен быйыл 72си пайдаланууга берилгени Экинчи элдик курултайдын жүрүшүндө белгилүү болду.
Жалпысынан билим берүү мекемелерин курууга 7 миллиард сомдон ашык каражат жумшалган.
Өлкөдөгү 2 миң 350 мектептин 2 миң 145и же 90%дан ашыгы интернетке туташтырылган.