Опубликовано
31.07.2023, 04:20Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында үй-бүлөлүк медицина борбору курулууда. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Белгиленгендей, үй-бүлөлүк медицина борборунун курулушуна жергиликтүү бюджеттен 600 миң сом, Катар кайрымдуулук уюму тарабынан 10,4 млн сом бөлүнгөн.
“Учурда имараттын 98% бүттү. Быйыл октябрда пайдаланууга берилет”, - деп айтылат маалыматта.