Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    11.03.2022, 09:21

    Сокулук районунда акча каражаттарын жана төлөм терминалдарын уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

    Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Сокулук РИИБине эки жаран арыз менен кайрылып, азык-түлүк саткан дүкөнүнө белгисиз бирөөлөр кирип, акча каражаттарын жана төлөмдөрдү кабыл алуучу терминалдарды уурдап кетишкенин билдирген.

    Бул фактылар кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-бренеси “Уурдоо” боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.

    “Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, биринчи факты боюнча 4 миң сом жана ичинде 44 миң сомдон ашык акча каражаты бар териминал, экинчи факты боюнча 29 миң сом акча жана жалпы баасы 1 млн сомдук терминал уурдалганы аныкталган”,- деп айтылат маалыматта.

    Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип 2001-жылы туулган С.Э. жана 1999-жылы туулган Т.Ч. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда


    Читать похожее

    • 11.03.2022, 03:21:27