
Опубликовано
24.02.2021, 07:50«Сосновка» посту оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
[news 32700]
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун аймагында, өзгөчө тоолуу аймактарда, атап айтканда Бишкек – Ош унаа жолунда аба ырайынын кескин начарлашына байланыштуу жол кырсыктарын жана жол тыгынын алдын алуу максатында «Соснавка» стационардык посту 15:00 дон 08:00 гө чейин оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабык болот.
Ошондой эле, жарандарды тоолуу аймактарга жолго чыкпай турууга чакырат.



