Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

18.12.2023, 05:42

Январь-ноябрь айларында Социалдык фонд Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунан (МПФ) баалуу кагаздарга жана коммерциялык банктарга 13 млрд 40 млн 188,8 миң сом инвестициялады.

Фонддо белгиленгендей, бул каражаттардын 7 млрд 459 млн 597 миң сому мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБ) жылдык 16-16,55% чегинде инвестицияланган.

Мамлекеттик пенсиялык фондддун каражаттарынын бир бөлүгү 5 млрд 580 млн 591,8 миң сом суммасында коммерциялык банктардын депозиттерине жайгаштырылган, жайгаштыруу мөөнөтү 12 ай, 18 ай, жылдык кирешелүүлүгү 13-16,5% болгон.

Жалпысынан 2023-жылдын январь-ноябрь айларында Мамлекеттик пенсиялык фонддун каражаттарын инвестициялоодон 3 млрд 873 млн 317,5 миң сом киреше алынган.


Читать похожее

  • 17.12.2023, 23:42:10
  • 06.11.2023, 05:20:45
  • 11.03.2021, 05:15:14
  • 10.03.2021, 22:10:48