Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

07.08.2023, 06:15

Учурда Кыргызстандын Социалдык фонду тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрүнө кирген мамлекеттердин 44 жаранына пенсия дайындалды. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 36 жаран Орусиянын, 7 жаран Казакстандын жана 1 жаран Беларустун жараны.

Ошондой эле, Орусия Кыргызстандын 17 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн дайындады.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 1-январынан тарта Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген. Бул келишимге ылайык, Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Армениянын жана Беларустун жарандары ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагында иштеген же башка ишмердүүлүк менен алектенгендиктен пенсиялык укукка ээ же ээ болгон жумушчулар деп таанылат.


Читать похожее