Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    13.03.2022, 08:30

    Министрлер кабинетинин чечими менен Социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча антикризистик комитет түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

    Аталган чечим президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

    Анын негизги милдети – өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген дүйнөдө болуп жаткан окуяларга ыкчам чара көрүү үчүн антикризистик башкарууну түзүү.

    Социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча Антикризистик комитеттин жетекчиси болуп министрлер кабинетинин төрагасы - президенттин администрациясынын жетекчиси саналат.

    Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Антикризистик комитеттин төрагасынын орун басары болуп бекитилди.

    Антикризистик комитеттин курамына ошондой эле Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын бир катар жетекчилери кирди.


    Читать похожее