Опубликовано
13.04.2023, 09:52Буга чейин пенсияга документтерди тапшырууда бир гана туруктуу жашаган жерден документ талап кылынса, учурда убактылуу жашаган жерден алынган документтин негизинде пенсия алууга болот. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Мекеме камсыздандыруу, социалдык төгүмдөрүн өз убагында төлөө керектигин белгилеп, бул келечекте ала турган пенсиянын өлчөмүнө түз-түз байланыштуу экенин кошумчалады.
Мындан тышкары, соцфонд эмгек стажына университетте окуган, армияда кызмат өтөгөн, 3 жылдан 6 жылга чейин бала менен отурган убакыт да кирерин белгиледи.
Буга кошумча, ден-соолукка зыяндуу өндүрүштө иштеген адам пенсияга мөөнөтүнөн эрте чыга алат. Ага ылайык, зыяндуу өндүрүштө иштегени такталган учурда аялдар 48 жашта, ал эми эркектер 53 жашта пенсияга чыга алат.
“Зыяндуу өндүрүштө иштегендиги боюнча тактама маалыматтар берилиши керек. Ал үчүн пенсионер зыяндуу өндүрүштө белгилүү бир мөөнөттөн кем эмес иштеши керек. Эгер талаптарга жооп берсе, мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыга алат”, - деп айтылат маалыматта.