Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

13.05.2024, 09:35

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева аймактарда социалдык кызматкерлердин маянасы канча экенин сурады.

Эмгек министрлигинин үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Бакыт Тодогелдиев бүгүнкү күндө социалдык кызматкерлер 13 миң сом маяна алып жаткандыгын айтты.

“2022-жылдын апрелинен тарта айлыктар көтөрүлгөн. Буга чейин алар 6,5 миң сомдон алышчу. Социалдык кызматкерлер майыптыгы бар адамдарга жана улгайган адамдарга үйүндө кызмат көрсөтөт. Балдардын көйгөйлөрү боюнча активдүү социалдык кызматкерлер жок”, - дейт Бакыт Тодогелдиев.


Читать похожее

  • 27.06.2024, 00:26:43
  • 13.05.2024, 03:35:29
  • 11.02.2024, 22:50:34
  • 03.01.2024, 22:20:08