Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

07.08.2023, 09:25

Калкка социалдык жардам көрсөтүү максатында республикалык бюджеттен 2023-жылдын алты айында 9,6 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, "Үй-бүлөгө көмөк" программасынын алкагында 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 2,7 млрд сом жөлөк пул бөлүнгөн.

Ошондой эле, "Балага сүйүнчү" баланын төрөлгөндүгү үчүн бир жолку жөлөк пулга 292,1 млн сом жумшалса, социалдык жөлөк пулдарга 4,2 млрд сом сарпталган, мындан тышкары:

  • кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдар - 287,4 млн сом;
  • сөөк коюу кызматтарын көрсөтүүгө - 37,2 млн сом;
  • калкка жеңилдиктердин ордуна компенсациялар (Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучулары, Чернобыль АЭСинин катышуучулары ж.б.) - 515,6 млн.
  • кесиптик окууга чыгашалар (жумушсуздарды окутууга) - 17,2 млн сом;
  • коомдук иштерди уюштурууга кеткен чыгымдар - 29,4 млн сом;
  • аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн социалдык контракт - 987 млн сом;
  • туруктуу камкордукка жана көзөмөлгө муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын жеке жардамчысы үчүн - 568,2 млн сом.


Читать похожее