akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    07.04.2020, 09:30

    Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсебине 6 млн 466 миӊ 962 сом 39 тыйын түштү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

    [news 22914]

    Анын айтымында, акча каражаттар Бишкек шаарынын мэриясына жана өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратына бөлүнүп берилет. «Комиссия аталган суммадан 11 миң 916 (Бишкек шаарындагы 2500 үй-бүлөгө, Чүй облусундагы 9 416 үй-бүлөгө) муктаж болгон жаранды азык-түлүк менен камсыздоого акча каражат бөлүп берүү боюнча чечим кабыл алды. Бул Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы статусу жок жаңы конуштарда каттоосуз жашаган жарандарга берилет», - деп белгиледи Кочкоров.

    Министр кошумчалагандай, каражаттар түшкөн сайын бардык аймактарга дагы бөлүнүп берилет.


    Читать похожее

    • 30.03.2021, 21:50:08
    • 06.01.2021, 01:30:41
    • 08.04.2020, 00:30:42
    • 07.04.2020, 03:30:35