
Опубликовано
20.05.2024, 10:30Сулайман-Тоого кирүүчү жолдор убактылуу жабылды.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, 18-майда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин тарыхый жайдын түштүк тарабындагы туристтик жолдорго таш кулап, сел жүргөн.
Бүгүнтөн тарта тоодогу жолдорду, Үңкүр музейин тазалоо иштери жүргүзүлө баштады.
"Коопсуздук камсыздалгандан кийин музей комплекстин иштөө тартиби калыбына келтирилет", - деп айтылат маалыматта.