Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

13.09.2023, 09:00

Быйыл Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын чыгашалары 5 млрд 607,1 млн суммасында каралган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Анын ичинде бюджеттик каражаттар жана атайын каражаттар 2 млрд 837,7 млн сомду, ал эми мамлекеттик инвестициялык каражаттар 2 млрд 769,4 млн сомду түзөт. Бюджеттик каражаттардын эсебинен ирригациялык системаларды оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине 162,1 млн сом каралган. 2023-жылдын 31-августуна карата 100% каржыланган.

Жыл ичинде төмөнкү багытарга кошумча каражат бөлүү чечими кабыл алынган:

  • Эмгек акы жана Социалдык фонд статьялары боюнча 500,9 млн. сом;
  • Экскаваторлорду сатып алууга 199,4 млн сом;
  • Ирригациялык системаларды оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине 800 млн сом. 2023-жылдын 31-августуна карата 446,8 млн сом каржыланды.

“Жакынкы жылдары Финансылык-кредиттик фонд тарабынан Суу кызматына атайын техникаларды сатып алууга 1 млрд сомго жакын каражат бөлүнсө, анын 350 млн сому жыл аягына чейин бөлүнөт”, - деп айтылат маалыматта.


Читать похожее