Опубликовано
06.10.2020, 02:40Кыргызстандагы бардык чиновниктердин банктык эсептеринен операция жүргүзүү токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалган Өмүрбек Суваналиев «Азаттык» радиосуна таң эрте интервью берип жатып билдирди.
[news 28663]
«Бардык ммлекеттик органдардын банктагы эсептеринен операция жүргүзүү токтотулду. Андан сырткары, чек ара кызматына бийлик өкүлдөрүн өлкөдөн чыгарбоого буйрук берилди. Талап-тоноочулукка жол бербөө үчүн алдын ала иштер жүргүзүлүп жатат», - деп айтты Суваналииев.
Азырынча коммерциялык банктар бул боюнча официалдуу билдирүү берише элек.