Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

25.12.2023, 07:20

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Сузак районундагы № 53 тергөө изоляторунун жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, №53 тергөө изоляторунун жаңы имаратын курууга республикалык бюджеттен 364 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Анда өкмөт башчы мамлекет үчүн кооптуу деп табылган кылмыштуу чөйрөнү коомдон обочо кармоо-өзгөчө атайын милдет экенин айтып, шаар ичиндеги абактарды шаардын сыртына чыгаруу саясаты жүрүп жатканын белгиледи.

“Ушул биз ачып жаткан № 53 тергөө изоляторун чыгардык. Абакты Базар-Коргон районуна көчүрүп жатабыз. Буга чейин бул изолятордо аялдар менен жашы жете элек балдар кармалып келген. Туура, жазык-аткаруу мыйзамдарынын талаптарына ылайык калктын аярлуу катмары болгон аялдар жана жашы жете элек балдарды кармоо үчүн тиешелүү шарт болгон эмес”,- деди ал.


Читать похожее

  • 25.12.2023, 01:20:08
  • 23.11.2023, 23:25:03
  • 23.10.2023, 21:31:53
  • 11.02.2020, 23:30:33