Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынган сүрөт

Опубликовано

21.07.2021, 05:45

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы селден кийин жараксыз абалга келген турак-жайлардын так саны азырынча белгисиз. Учурда тазалоо иштерине ӨКМдин облустук бөлүмүнөн жети куткаруучу топ бөлүнгөн. Бул тууралуу “Акчабарга” аталган министрликтин аймактык бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда сел жүргөн Кара-Дарыя айыл аймагындагы үйлөрдү тазалоо иштери жүрүп жатат. Жаратылыш кырсыгы аталган айылда 20-июль күнү кечки саат бештер чамасында катталган. Анын кесепетинен алты жашар кыз каза тапкан.

Жалал-Абад облусу боюна сел кооптуулугун жараткан 471 аймак бар. Алардын ичинен 309 үй-бүлө кооптуу аймакта жашап келет. ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынан билдиришкендей, сел коркунучунун алдын алууда тосмолор мурдатан эле коюлган. Бирок, ага карабастан, катуу жааган жаандан улам Кара-Дарыя айылында сел кокту-колоттордон түшүп үйлөрдү каптаган.


Читать похожее

  • 22.08.2024, 03:12:39
  • 07.08.2024, 21:36:29
  • 29.07.2024, 22:13:13
  • 29.07.2024, 03:45:59