Akchabarsearch

Опубликовано

04.07.2019, 05:02

Таджикстанда жыл ичинде 186 жолу жол эрежесин бузуп, 40 миң сомони же 7,5 миң америка долларына айыпка жыгылган айдоочу түз эфирде уяткарылып,«Kia Sportage» унасы айып аянтчасына киргизилген. Бул тууралуу таджик ИИМ уюштурган «Сипар» теле көрсөтүүсүндө айтылганын Озоди радосу кабарлады.

[news 15892]

Таджик ИИМнин маалыматына таянсак, бул айдоочу бир жылдан бери жол эрежесин сактабай 186 жолу эреже бузганы «Коопсуз шаар» долбоорунда камераларга катталган.

Таджик укук коргоо органдары тарабынан Дүйшөмбү шаарынын тургуну Нурали Назаров кармалып, анын «Kia Sportage» маркасындагы унаасы камакка алынган.

Назаров бир жылдан бери эрежеге баш ийбей, кызыл түскө карабай өтүп жүргөнүн мойнуна алган. Учурда протокол түзүлүп, тартипсиз айдоочунун мыйзам алдында жооп берүүсү каралууда.

[news 15518]

Таджикстанда «Коопсуз шаар» долбоору 2013-жылы Кытай тарабынан 22 миллион доллардык насыя менен киргизилген. Учурда таджик борборунда баардык көчө, аянттар камера менен камсыздалган. Бул долбоор иштей баштаганда эле, алгачкы сегиз сааттын ичинде 17 миң жол эрежесин бузуу катталган деп билдирген укук коргоо органдары.

Жогорудагы долбоор коомчулук тарабынан каттуу сынга алынууда. Сындагандар 855 камераны 22 миллион долларга сатып алса, ар бир камера бюджет үчүн 26 миң долларга айланууда деп айтышууда.

[news 15580]

Сындагандар айып пулдардын кымбаттыгына да нааразы болууда. Кызыл жарыкка өтүп кетүү 280 сомониден 400 сомониге чейин эсептелген. Бул АКШ долларына айлантканда 50-70 долларга барабар.

Таджик ИИМ билдигенине караганда акыркы 11 айдын ичинде 26 миллион сомониге эреже бузуу катталган. Бул Америка долларына которгондо, 5 миллион доллар казынага түшкөнүн айтса болот.


Читать похожее