
Опубликовано
12.07.2023, 10:56Талас облусунун Манас районунун Үч-Коргон айыл аймагынын чыгыш тарабында чек ара тилкесиндеги Талас дарыясынын сол жээгин бекемдөө иштери аякталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, дарыянын суусу жээктерди жеп, эрозия пайда кылуунун алдын алуу максатында бекемдөө иштери Талас механизациялаштырган базасына аткарууга берилип, бүгүнкү күндө 100 пайызга аткарылган.
Жыйынтыгында Кыргызстан менен Казакстандын чек ара тилкеси, 350 га жайыт жерлер, 57 турак жай, 1 км ички чарба жолу корголду.



