Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

16.08.2024, 09:35

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Байышбек Астанакулов Талас шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Байышбек Астанакулов буга чейин Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп иштеп жаткан.

Ал эми Талас шаарынын мурдагы мэри Эрмат Жумаев президенттин Таластагы өкүлү болуп дайындалган.


Читать похожее

  • 16.08.2024, 03:35:12
  • 07.08.2024, 22:40:19
  • 05.08.2024, 05:25:56
  • 31.07.2024, 04:45:51