Опубликовано
15.07.2024, 03:15Талас шаарында өндүрүш багытында үч ири завод жана аттракциондор курулат. Бул тууралуу Талас мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, асфальт заводу, темир-бетон заводу жана кум-шагыл чыгаруучу заводдор салынат. Ошондой эле, оюн-зоок паркынын ичине 8 түрлүү аттракциондор курулат.
Белгиленгендей, каражат Талас шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 млрд сомдун эсебинен жумшалат.
Кытайлык өндүрүшчүлөр менен Талас шаарынын мэри Эрмат Жумаев күн мурун меморандумга кол койгон.
Ошондой эле, 100дөн ашык жумуш орундар пайда болот.
Мындан тышкары, Талас шаарында 50 км тротуар салынып, вело жолдор курулат.
Учурда борбордук аянтта жана башка көчөлөрдө асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт.