Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

22.07.2024, 05:00

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Көк-Сай-Кайнар унаа жолунда асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.

Быйыл эки айылды байланыштырган жолдун 1,5 чакырымын оңдоо каралган.

Жол жумуштарына “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №6 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар тартылып, азыркы тапта 900 метрден ашык аралык жасалды.

Жумуштар жыйынтыкталар замат Көк-Сай – Арчагул унаа жолуна асфальт төшөө иштери башталат.


Читать похожее