Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

16.08.2024, 09:25

Талас районунда "Беш-Таш-Кайынды" минералдык суусун кайра иштетүүчү завод куруу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Курулушка тендерди айыл өкмөтү жарыялаган.

Сметалык баасы 9 млн 690 миң 186 сомду түзөт. Конкурстук арыздарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 30-августка чейин.

Беш-Таш коругу Талас шаарынын түштүк тарабында жайгашкан Талас кырка тоолорунда жайгашкан жана Беш-Таш, Калба, Күмүш-Так жана Үрмарал капчыгайларын камтыган чоң жаратылыш паркы. Коруктун бийиктиги деңиз деңгээлинен 1100 метрден 3500 метрге чейин.


Читать похожее