Опубликовано
18.12.2020, 05:05Таластагы Жоопкерчилиги чектелген коомдордун бири милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөбөй келишкен. Мунун натыйжасында бюджетке 5 млн сом зыян келтирилген. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
[news 30913]
«Такталгандай, Мамлекеттик салык кызматынын Талас облустук башкармалыгынын (МСКБ) айрым кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин туура эмес аткаруусунун натыйжасында мамлекеттик бюджетке төлөнгөн кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөдө төмөндөтүү фактысына жол берилген», - деп жазылат маалыматта.
Бул факт боюнча, сотко чейинки өндүрүштүк материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Тергөө уланып жатат.