Опубликовано
24.04.2023, 06:30Талас облусунда төө буурчактын “лопатка” сортунун 1 килограммы 132 сом 5 тыйынга бааланууда. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35 сомго кымбат, - деп билдирди Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда төө буурчактын баасы жыл сайын өсүп жатат. Мунун себеби коронавирус пандемиясынан улам дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү төө буурчакты негизги азык катары колдонушууда.
Ошондой эле, 2022-жылдын түшүмүнөн 42 миң 338 тонна экспорттолсо, сатыла элек түшүмдүн болжолдуу көлөмү 17 миң 600 тоннаны түзөт.
Кошумчалай кетсек, былтыр жалпы айдоо аянты 54 миң 597 гектар, ал эми түшүм 81 миң 200 тонна болгон.