Akchabarsearch
    Источник фото: WWW

    Опубликовано

    17.04.2023, 10:20

    Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылынын паркы 12,3 млн сомго реконструкцияланат. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.

    Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы суммасы 12 млн 306 мин 688 сомду түзүп, ал жергиликтүү бюджет аркылуу каржыланууда. Реконструкциянын алкагында эс алуу паркына ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузуу, сугат системаларын алмаштыруу, аттракциодорду, балдар ойноочу аянттарды жаңылоо иштери жүргүзүлөт.

    Ак-Дөбө паркы өткөн кылымдын 1974-жылы негизделген. Паркты реконструкциялоо иштерин аяктоо 2026-жылдын декабрь айына белгиленди.


    Читать похожее