Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    31.05.2024, 09:53

    29-майда муниципалдык инспекция тарабынан Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 85 протокол түзүлүп, 1 049 000 сом айып салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

    Рейддин жүрүшүндө 255 чарба субъектилери, коомдук транспорттун акыркы аялдамалары, иштеп жаткан мончолор текшерилип, жарандардын кайрылуулары каралды.

    Ленин районунда 323 миң 500 сомго 26 протокол, Биринчи май районунда 298 миң 500 сомго 24 протокол, Октябрь районунда 260 миң сомго 18 протокол, Свердлов районунда 167 миң сомго 17 протокол түзүлгөн.


    Читать похожее

    • 23.08.2024, 00:05:32
    • 22.08.2024, 23:57:18
    • 12.08.2024, 04:10:54
    • 29.07.2024, 05:55:15