
Опубликовано
06.07.2023, 03:45“Тазалык” муниципалдык ишканасы Бишкектин бюджетинен 108 млн. сом жеңилдетилген насыя сурап жатат. Чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат. Бул демилге боюнча токтом долбоору муниципалитеттин сайтына коомдук талкууга коюлду.
Долбоор жактырылса, документте көрсөтүлгөндөй насыя келишими келерки жылдын январында түзүлөт. Ал үч жылга эсептелип, таштанды чыгаруу кызматынан түшкөн акчанын эсебинен “Тазалык” 2024-жылдын 15-январынан 2026-жылдын 15-декабрына чейин негизги карызды бирдей төлөмдөр менен төлөйт. Бюджеттик насыяны пайдалануу үчүн пайыздык чен жылдык 0,1% түзөт. Өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жылына 0,2% алынат.
Бул каражат “Тазалык” ишканасынын ишмердүүлүгүн жакшыртууга муктаж экени белгиленген.
“Ишкана акыркы эки жылдан бери материалдардын кымбатташы, күйүүчү-майлоочу майлардын эки эсе кымбатташы жана коммуналдык кызматтарга тарифтердин жогорулашынан улам каржылык дефицитке дуушар болууда”, - деп айтылат маалыматта.



