Опубликовано
04.04.2023, 07:50Бишкектеги мурдагы №47 тергөө абагынын ордуна көп кабаттуу үйлөрдү курууга 1 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди.
Маалыматка ылайык, каражат Мамлекеттик ипотекалык компанияга бөлүнөт. Аталган компания долбоорду ишке ашырат.
“Ошол эле учурда депутаттар социалдык объектилердин (бала бакчалар, мектептер, ооруканалар) курулушу боюнча суроо узатып, бирок так жооп ала алышкан жок”, - деди депутат.
Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров 2020-жылга чейин өлкө боюнча 50 миң адам арзан турак-жай менен камсыз болорун айткан. Ошондой эле, ал мурдагы №47 түзөтүү абагынын ордуна кичирайон курула турганын белгилеген.