akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    23.04.2024, 05:16

    Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги TikTok социалдык тармагына бөгөт коюу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу "КазТаг" маалымат агенттиги министр Аида Балаевага таянып билдирди.

    Министрдин айтымында, мыйзамсыз контенттин көлөмү боюнча TikTok лидер.

    “Учурда биз социалдык тармактарда мыйзамсыз контенттин өскөнүн көрүп жатабыз. Министр катары айтам, TikTok'ту бөгөттөнү ойлонушубуз керек", - деди Балаева.

    Ошондой эле, Казакстандын маданият жана маалымат министри бул платформадан балдар сөгүнгөн сөздөрдү үйрөнүп жатканын белгилеген.

    "Азыр эле бул социалдык тармакка тыюу салабыз деп айтпайм. Биз ойлонобуз. Анткени коңшу жана башка мамлекеттер ушундай чараларды көргөндө биз да изилдеп жатабыз", - деген ал.


    Читать похожее

    • 02.08.2024, 02:21:44
    • 22.04.2024, 23:16:53