Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    28.01.2021, 10:00

    Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ЖМКларда «Аэрофлот» авиакомпаниясы бир катар эл аралык аба каттамдарын токтоткондугу тууралуу тараган маалымат боюнча билдирүү жасады.

    [news 31612]

    ЖМКларда аталган авиакомпаниясы 2021-жылдын 28-мартынан 30-апрелине чейин Москвадан 80 шаарга, анын ичинде Бишкек жана Ошко болгон каттамын токтоткондугу жарыяланган.

    Министрликтен билдиришкендей, мындай чечим күн сайын абага көтөрүлгөн каттамдарга гана тиешелүү.

    «Москва-Бишкек багыты боюнча каттамдар мурунку режимде улантылат. Бүгүнкү күндө «Аэрофлот» авиакомпаниясынын учактары жумасына бир жолу жума күндөрү Москва-Бишкек-Москва багыты боюнча учууда. Ошондой эле күн сайын чартердик каттамдар Москвадан Бишкек, Ошко жүрүүдө. Мындан сырткары, ушул эле авиакомпаниянын чартердик каттамдары Бишкек, Оштон Россиянын башка шаарларына да учууда», - деп айтылат маалыматта.

    Белгилей кетсек, «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын учактары жумасына бир жолу Бишкек-Москва-Бишкек каттамы боюнча жүрүүдө.