Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

22.10.2020, 10:30

КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2020-жылдын 22-октябрында иш сапар менен Россия Федерациясына келди. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

[news 29286]

Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө министр Казакбаев Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, ошондой эле Россия Федерациясынын башка мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен жолугушуусу күтүүлүдө.

Алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий-соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле эки тараптуу кызыкчылыкты көздөгөн көп тараптуу өз ара аракеттенүү маселелериндеги кыргыз-орус кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелерди кароо пландаштырылууда.


Читать похожее

  • 25.02.2021, 23:00:28
  • 22.10.2020, 04:30:16
  • 13.10.2020, 01:10:56
  • 24.09.2020, 05:30:16