Akchabarsearch
    Источник фото: Министрлер кабинети

    Опубликовано

    24.04.2022, 04:14

    Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев тышкы иштер ведомствосунун жамаатына тышкы иштер министринин м.а. Жээнбек Кулубаевди тааныштырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

    Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары жаңы министрдин дипломатиялык кызматтагы практикалык иш тажрыйбасы жана жогорку кесипкөйлүгү тууралуу жылуу пикирин билдирип, Жээнбек Кулубаевдин жогорку квалификациясы президент тарабынан түзүлгөн мамлекеттин тышкы саясий багытын тутумдуу жүргүзүүгө өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.

    Өз кезегинде Кулубаев республиканын жогорку жетекчилигине көрсөтүлгөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирип, министрликтин жамааты менен биргеликте ага жүктөлгөн ишенимди актоого бардык күч-аракетин жумшаарын билдирди.

    Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Жээнбеков Кулубаев Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал буга чейин КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.

    Ал эми буга чейинки Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кызматынан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу президенттин Жарлыгына ылайык бошотулган. Ал бул кызматка 2021-жылдын февралында дайындалган.


    Читать похожее