Опубликовано
22.01.2024, 09:10Өткөн жылы Баткен облусунда 52 объект эксплуатацияга берилди. Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, имараттардын арасында мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер, таза суу чарбалары, маданий мекемелер жана турак жайлар бар.
Бул иштерди аткарууга бир миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.