Опубликовано
20.04.2022, 11:522021-жылы экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 20% көбөйүү менен 64 млрдга жакын сомду түздү. Бул банк секторунун, микронасыялык уюмдардын жана күрөөканалардын кирешелеринин өсүшү менен камсыз болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, каржы секторунун уюмдарынын чыгымдары 2021-жылы 11% өстү жана 43,4 млрд. сомду түздү.
“Жылдын жыйынтыгы боюнча экономиканын каржы секторунда оң сальдолоштурулган каржылык жыйынтык 20,5 млрд. сом суммасында пайда алынды, бул 2020-жылга караганда 45% көп. Пайданын өсүшү банктар менен камсыздалган, алардын үлүшүнө каржылык секторунун жалпы суммардык пайданын көлөмүнүн 83,0% туура келген, ошондой эле микронасыялык уюмдар (14,5%) менен камсыздалган”,- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле 2021-жылы каржы секторунун рентабелдүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынан 67% түздү, ал эми 16% жакын уюмдар чыгаша алды. Жалпы экономиканын каржы секторунун активдеринин кирешелүүлүгү 3% өлчөмүндө аныкталды, мында алардын эң жогорку деңгээли (10%) микронасыялык уюмдардын жана күрөөканалардын арасында байкалды.
Белгилей кетсек, 2021-жылы экономиканын каржы секторунда 620 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциалык банк, 580 банктык эмес каржылык-насыялык уюм, 14 камсыздандыруу компаниясы жана эки инвестициялык фонд ишин жүргүздү.