Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    26.03.2022, 03:38

    Үстүбүздөгү жылы лизинг ишмердигин 12 компания жүргүздү, алар менен 860тан ашык келишим түзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

    Ошол эле учурда бардык лизингдик келишимдер финансылык лизинг шарттарында түзүлгөн. Мындай келишимдердин жалпы наркы 2021-жылы 1,7 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү же 2020-жылга караганда 35 пайызга көп болду.

    Муну менен бирге финансылык лизингдин түзүмүндө имараттар, инженердик курулмалар (кыймылсыз мүлк) лизинг предмети болуп чыккан келишимдердин наркынын үлүшү 2020-жылдагы 2,4 пайыздан 2021-жылдагы 0,3 пайызга чейин азайды, ошол эле учурда курулуш-жол техникасына, машина жана механизмдерге түзүлгөн лизингдик келишимдердин наркынын үлүшү 6,1 пайызга, ал эми айыл чарба техникасына, машина жана механизмдерге түзүлгөн лизингдик келишимдердин наркынын үлүшү 3,9 пайызга өстү.

    Муну менен бирге финансылык лизинг келишимдеринин олуттуу суммасы (0,7 млрд. сом же 43 пайыз) мурдагыдай эле айыл чарба техникаларын, машина жана механизмдерди сатып алуу үчүн түзүлгөн келишимдерге туура келди.


    Читать похожее