Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

07.08.2023, 07:30

Эсеп палатасы 2021-2022-жылдагы Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жергиликтүү бюджетинде 18 млн 181,5 миң сомдук каржылык мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу палатанын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө жалпысынан 18 млн 181,5 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Анын ичинен 8 млн 352,8 миң сом компенсацияланууга тийиш болсо, 3384,3 миң сому гана калыбына келтирилген, анын ичинен:

  • Кыргызстандын бюджеттик системанын бюджеттерине каражаттардын түшүүсүн жана кайтарылышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрбөгөндүгү боюнча - 1 млн 471,5 миң сом;
  • Кыргызстандын бюджеттик системанын тиешелүү бюджеттерине каражаттарды чегербөө боюнча - 300,8 миң сом;
  • бюджеттен каражаттарды берүү тартибин бузуу - 25,3 миң сом;
  • бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу - 3 млн 594,3 миң сом;
  • капиталдык салымдарга бюджеттик каражаттарды пайдаланууда жана курулуш иштерин аткарууда бузуулар - 651,9 миң сом;
  • милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо, жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ашыкча жана ырасталбаган чыгашалар) - 1100,6 миң сом;
  • эмгек акыны, иш сапардык чыгымдарды, жөлөк пулдарды, компенсацияларды жана башка төлөмдөрдү кем төлөө жана өз убагында төлөбөө - 568,6 миң сом;
  • мүлктүн сакталышын камсыз кылбоо - 3 млн 58,9 миң сом;
  • мүлктү пайдалануудагы мыйзам бузуулар - 2 млн 456,3 миң сом;
  • мүлктү пайдалануудагы башка бузуулар - 4,1 миң сом;


Читать похожее